воскресенье, 24 января 2016 г.


     .


2016-жылдын 13-15 июнунда Ош шаарында Ош Мамлекеттик Университетинде өтө турган Кыргызстандын этнологдорунун жана антропологдорунун III конгрессине чакырабыз.

Конгрессте “Антропологиялык” илимдер диний, этностор аралык, “кландык” социалдык-саясий көйгөйлөрдү, ошондой эле өзүн өзү таануу маселелерин чечүүгө, түшүндүрүүгө жигердүү катыша алабы? Дүйнө өзгөрүп жаткан мезгилде социалдык «билимдер» кандайча түзүлөт? Академиялык коомчулук жана «институттар» коомдун социалдык-маданий аспектилерин канчалык денгээлде түзө алат жана катыша алат. «Батыштагы» жана  «жергиликтүү» изилдөөчүлөр канчалык денгээлде диалог жүргүзө алат? “Муун” фактору барбы жана коомдун турмушунда, ошондой эле регионалдык коммуникацияда институционалдык салттардын мааниси канчалык? ж.б. маселелер каралмакчы.

Жыйынга катталуу үчүн төмөнкүлөрдү маалымдооңуз керек:
•    тек атыңыз, атыңыз, атаңыздын аты;
•    электрондук түстүү сүрөт 3х4;
·          окумуштуулук даражаңыз жана наамыңыз;
•    иштеген жериңиз, кызматыңыз;
•    почта дарегиңиз, телефонуңуз;
•    э-дарегиңиз (е-mail) (сөзсүз көрсөтүү керек);
•    илимий баяндамаңыздын аталышы;
•    секция;
•    (зарыл болгон учурда) техникалык каражат тууралуу суроо-талап.
·          Илимий изилдөөлөрүңүздүн багыты, 5-7 аталыштагы макалалардын тизмеги,
Илимий баяндаманы (макаланы) даярдоо эрежеси:
Баяндаманын (илимий макаланын) текстинин көлөмү 5-7 беттен ашпоого тийиш.
Барак бетинин калыбы – А4 (21x29.7см). Жээктери: жогорку, астыңкы – 1,5 см, солжагы – 3см, оңжагы – 1,5 см. Ариби: Times New Roman, өлчөмү 12 пт. Сап арасында 1,5 өлчөмдөгү ара; абзацтын алгач кы сабындагы оңго чегинүү өлчөмү - 1,25 см. Сөз ташууга жол берилбейт. Текст кеңдигибоюнчатүздөлөт.
Макаланын башында жогорку сол бурчунда УДК, кийинки саптын оң бурчунда автордун тек аты жана аты, окумуштуулук даражасы жана наамы, иш орду, жашаган шаары (кыштагы), электрондук дареги жазылат.
Андан кийин бир интервалдан соң сап ортосунда даана, баш тамгалар менен макаланын темасы берилет. Кийинки саптаӨзөктүү сөздөр, 5 сөздөн кем эмес берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар ушул эле ирээтте, талапта англис тилинде берилет.
Бир интервалдан соң макаланын негизги тексти кетет. Тексттеги шилтемелер чарчы кашаа [ ] ичинде берилет.
Эл аралык конференция кыргыз, орус, ,англис жана түрк тилдеринде жүргүзүлүт.
Конференцияга катышууну каалаган илимпоздор илимий баяндамаларынын аталыштарын жана текстин 2016-жылдын 20- апрелине чейин уюштуруу комитетине жиберүүсү зарыл.
Жыйынга катыштыруу жана басмага жиберүү үчүн баяндамаларды тандоо иши илимий жыйындын уюштуруу комитети тарабынан жүзөгө ашырылат. Илимий талаптарга жооп бербеген баяндамалар жыйын программасына киргизилбейт жана жарыялоо үчүн кабыл алынбайт.
Конгресске катышуу учун жол чыгымы ар бир катышуучунун оз эсебинен жумшалат, тамак –аш, жатакана уюштуруучулар тарабынан камсыздалат.

Блог: anthropologykg.blogspot.com

Комментариев нет:

Отправить комментарий